КР Эмгек сиңирген артисти, элибиздин сүйүктүү ырчысы Асель Турдалиева Кытай жергесине барып келди. Саякаттан алган таасирлерин бөлүшүүсүн суранганыбызда, буларды айтып берди...
Кытайга сапар
- Ушуну менен Кытайга үчүнчү жолу барышым. Мурда Үрүмчүгө чейин барып, Кызыл-Сууга концерт да койгом. Кызым Бегайымдын Кытайда окуп жатканына үч жыл болду. Үч жылдан бери барып келейин деп ойлонгонум менен убакыт сааты чыкмайынча аткарылбайт экен.
93-кабаттагы ресторан
- Кытай - өнүккөн улуу өлкө экени баарыбызга дайын. Үрүмчүгө барганда таасирлер башкача болду эле, Шанхай менен Пекинде такыр башка сезимдерге туш болдум. Шанхай бир топ заманбап шаар экен. Айрыкча шаардын жээк боюндагы бөлүгү жакты. Инфраструктурасы такыр бөлөк. 93 кабаттуу имаратка чыгып, 93-кабатындагы ресторанга кызым экөөбүз кирдик. Ушундай заңкайган имараттар биздин өлкөдө да курулуп, биздин шаар да алдыга жылса деген тилек кылдым.
Кытай эли иштерман калк экен. Бизде бири-бирибизди сынап карамай бар го, алардан бул адатты байкабадым. Ар бир адам өз жашоосу менен алпурушуп, жайма жай жүргөн адам жок, баары эле кайдадыр шашылышат. Анан да аларда уюлдук телефонсуз жашоо жок экен. Турмуш-тиричиликтин дээрлик бардык маселесин уюлдук телефон менен чечип калышыптыр. Мисалы, велосипед, мопед менен метрого чейин барышып, ошол жерге калтырышат да, уюлдук телефон аркылуу код коюп коюшуп, жолдорун улай беришет. Көчөдө миллиондогон велосипед, мопеддер турат. Уурдаган адам жок. Биз жакта жүргөн кытайлыктарга караганда, Шанхай, Пекиндеги кытайлар башкача көрүндү. Баары тең, аял-эркегине карабай, боюу кыска, шыпылдаган, тың. Бул жакта “дюймовочка” болуп жүргөн мен ал жакта аларга салыштырмалуу чоң эле көрүнүп калдым. Анан да, дагы бир байкаганым – эл арасында кийген кийими, айдаган автоунаасынын үлгүсү боюнча ажырымдын жоктугу болду. Баары бирдей катмарда, бири биринен өзгөчөлөнбөй эле, ынтымактуу жашоо кечиришет экен.
Тил үйрөнүүнү чечтим
- Мен негедир кытайлыктарды англис тилинде да сүйлөшсө керек деп ойлочумун. Андай эмес экен, басым жасалган тил - кытай тили. Мага тил билбегеним анчалык кедергисин тийгизбеди, кызым бул тилде эркин сүйлөйт. Бардык жерде мага котормочу болуп жатты. Кээде кызымды: “Кызым, өз ара сүйлөшүп жатканыңарды мага деле которуп берип турчу. Болбосо дудук ападай көрүнүп калат экем”,- деп тамашаладым. Колуңдан келсе, көп тилди үйрөнүү керек экен. Кытайдан англис тилин эркин сүйлөп калбасам да, эркин түшүнгүдөй болуп үйрөнөм деген чечим менен кайттым.
Карылык деген түшүнүк жок
- Кытайлыктарда адамдын жаш курагы мааниге ээ эместиги таң калтырды. Алардын мен курактууларын бийкеч деп ойлоп алууга болот. Кээде кызыгып, сыртынан жаш көрүнгөн айымдардын жашын кызымдан суратсам, “90 жаштамын” деген жоопту уктум. 70-80-90 жаштагы карылар тың, ишке жарамдуу, жашоого болгон кумарлары бөксөрбөгөн. Ошол курагында да иштешип, медитация, зарядка жасашып, кечинде короого музыка коюп алып бийлешет. Аларды көрүп бүтүм чыгардым: карылык – адамдын мээсинде гана. Бизде 60 жашка чыкканда эле карыдым деп өзүн тартып, ордунан жылбай отуруп калышат эмеспи.
Саякаттоо - дүйнө таанымыңды арттырат
- Буга дейре Дубайга, Египетке баргам. Түркияга баруу Кудайга шүгүр, кыргыз жарандары үчүн катардагы нерсе болуп калды. Кайда барбайын укмуштуудай таасирлер менен кайтам. Анткени, ар бир жердин, элдин өзүнүн өзгөчөлүгү, маданияты, каада-салты бар. Канчалык көп саякаттасаң, ошончолук дүйнө таанымың артып, көп маалымат аласың. Мен көргөн-билгенимди студенттериме айтып берем, бул алардын алдыга умтулуусуна стимул болот деп ишенем. Бардык мекендештериме кайрылат элем: көр оокат дей бербей, каражатты үнөмдөп, чет жерге саякаттоого аракет кылалы. “Миң уккандан бир көргөн артык”- дейт.
Жыландан жасалган шишкебек
- Тамактануучу жайлардан тамактанганым жок. Шанхайда кызыма үйдөн тамак жасап бердим. Пекинге барганда туугандарыбыздыкында болдук, ал жактан да үйдө жасалган тамактар менен тамактандык. Дүкөндөрдө эттин үч түрү бар экен: Австриядан, Үрүмчүдөн алынып келинген жана Кытайда өндүрүлгөн эт. Кытайдан өндүрүлгөндү чынын айтсам жегенден кооптондум, ар кандай жарнамаларды көрө берип, чочулап калыптырмын. Австриядан келген этти алып, тамак жасап жаттык. Ал жактагы жемиштердин даамы өзгөчө жакты, бизге Кытайдан деп келген жемиштер андай эмес. Манго, анан да памело деген жемиш менен түшкү жана кечки тамактанууну кенен алмаштырса болот. Бир жолу, Пекинде жүргөндө “Эски квартал” деген аймагына бардык. Ошол жерде курт-кумурска, иши кылса кыймылдагандын баарын бышырган жай бар. Кызым: “Мен деле бака, жылан жеп көрө элекмин, бир даам татпайлыбы”,- деп калганынан бакага барсак, жабылып калыптыр. Жыландын кейпин көрүп эле иренжип кеттим. Бирок, атайын келгенден кийин деп шишкебекке окшоштуруп, таякчага сайып бышырылганынан бир аз жемиш болдук. Даамы чипсыга окшош. Кытай даамдарын татып көрүү ошону менен токтоду.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити