Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

 

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда "Daewoo Tico" үлгүсүндөгү автоунаа каналга кулап, анын кесепетинен эки адам көз жумду.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык  7-август күнү саат 22.30да болгон. Автоунаа Кожо-Кайыр каналына кулаган. Анын кесепетинен 63 жаштагы эки киши каза тапкан.

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн унаадан алып чыгышты.