Коррупционерлердин балдарын, неберелерин да мамлекеттик кызматка жолотпош керек. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов Vesti.kgге билдирген.
Депутат ушундай ыкма менен гана коррупциянын тамырын кыркууга боло турганын белгилеген.
"Президент коррупция менен күрөш жарыялады, а мен мамлекетти тоногон аткаминерлердин балдарын да, неберелерин да эч убакта мамлекеттик кызматка жакындатпоо чараларын кароо сунушун жолдойм. Бул, балким, аткаминерлердин мамлекеттик акчасына көз артуусун токтотот", - деген депутат.
Ал каникулдан кийин сунушун Жогорку Кеңешке сунуштай турганын кошумчалаган.