Борбордук ШИИБдин маалыматына караганда, базардагы өрттүн келип чыгышына айыптуу делгендер мыйзам алдында жазасын алуусуна аз убакыт калды.
Бишкектеги Ош базарынын карамагындагы “Берекет” базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаевдин иши сотко өттү.
«Берекет» базарындагы өрт 13-апрелде түн жарымында чыккан. Тилсиз жоо болжол менен 2000 чарчы метр жерди күйгүзгөн. Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бирөөнүн мүлкүн атайылап өрттөп жок кылуу» жана «Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, жогоруда аты аталган эки жетекчи айыптуу деп табылып, камакка алынган.