Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

 

 

Кылмыштарды жасоонун көбү батирлерде катталат, андан кийин сейил бактарында, бакчаларда, чатырларда, жер телөөлөрдө, лифттерде жана кароосуз калган үйлөрдө жасалат. Зөөкүрдүн курмандыгы боло турган адамдын жеңил ойлуу жүрүм-туруму (зордуктай турган адам менен спирт ичимдигин ичүү, аз тааныш болгон адам менен кароосуз калган жерлерге, батирге, дачага баруу) боюнча фактылар көп каталат. Кээде окуя болгон күнү таанышкан жарандар кездешет.


Баарына белгилүү болгондой, үйгө кайтып келе жатканда жарыктандырылбаган көчөлөр, сейил бактар менен баспай, жаңы курулуп жаткан турак-жайлардын, өндүрүштөгү корпустардан, жарык менен начар камсыздалган жер алдындагы өтмөктөрдөн алыс жүрүш керек. Эгерде кандайдыр-бир жагдайлар менен жогоруда көрсөтүлгөн жайлардан өтүүгө туураа келсе, психологиялык жактан даярданыңыз.


Коргонуу үчүн колдонууга колуңарга ачкыч, ышкырык же газ баллончигин алышыңыз туураа болот. Сиз ар бир кырдаалга даяр болушуңуз керек. Эгерде сиздин изиңизден түшүп, артыңыздан аңдып келе жатканды байкасаңыз тезинен “102” кызматына чалыңыз. Басуу ылдамдыгын тездетип, кылмышкерлерден арылууга аракет кылыңыз. Бирок, жарыктандырылбаган жерлерге, бейтааныш подьезддерге жашынууну ойлобоңуз. Ичимдик ичип алган жаш өспүрүмдөрдүн жанында эс албаңыз. Сиздин артыңыздан чоочун адам кирсе, лифтке чогуу кирүүгө умтулбаңыз, андан көрө үйүңүзгө жөө жеткениңиз оң.


Бирок, кылмышкер сизге кол салса эмне кылуу керек? Өзүңүздү жоготуп койбоңуз. Абалды туураа талдап, каршылык көрсөтүү үчүн өз мүмкүнчүлүгүңүздү караштырыңыз. Сизге кыйкыруу, оорулуу экендигиңизди айтуу, калп кусуу жана физикалык жактан активдүү каршылык көрсөтүү. Мүмкүн болушунча, адамдардын көңүлүн бурууга аракет кылыңыз. Эгерде подьездде кол салганы жатса, кадимки эле сөздөрдү “Жардамга”, “Өрт” колдонуп кыйкырыңыз. Мисалы, “Өрт” жалпыбыздын кырсыгыбыз болгондуктан жок дегенде бир адам чуркап чыгат. Тилекке каршы бир дагы адамдын көңүлүн бурдура албай калсаңыз, кылмышкер менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Анын башын айлантуу менен качуу амалын ойлонуңуз. Ал ушул учурда сизди кучактоосу мүмкүн. Ошол учурда сиз суу (шире, арак, пиво) ичкиңиз келип жаткандыгын, дааратканага барууңуз керектигин, буюмдарды башка жакка жайгаштыруу же сууга түшүп алышыңыз тууралуу айтып, кылмышкерден кутулуунун амалын ойлонуңуз.


Ошол учурда кылмышкер “бир макулдашууга” келдик деген ой менен турган кезде айнектин сыныктары, таш, бөтөлкө, темир, союл жана башка ушул сыяктуулар менен куралданууга үлгүрүңүз. Каршылык көрсөтүү үчүн колуңузга эч нерсе таппай калган учурда дагы кармашууга психологиялык жактан даяр болуңуз. Кандай гана учур болбосун, кылмышкерге баш ийбестен кыйкыруу менен каршылык көрсөтүңүз. Ушундай учурларда көп кылмышкер кылтакка илинет. Анткени, алардын зордук-зомбулук көрсөтүүнүн негизги максаты- өздөрүн абалдын кожоюну катары сезүү, курмандыгы болгон адамды басынтуу болуп эсептелет.
Зордук-зомбулук же аракет жасоо фактысы боюнча тезинен милицияга кабарлаңыз.


Ар бир кылмыш жазалган учурда мүмкүнчүлүгүнө жараша тез арада милицияга кабарлаш керек. Ошондой эле, жабырлануучу же күбөө канчалык тез кайрылса, кылмышкерди табуу жана кармоо мүмкүнчүлүктөрү көп болот.


Кылмыш жасалган убакыты менен күнүнөн сырткары, кылмышкердин белгилери, уурдалган буюмдар тууралуу маалымат берүү керек.


Эгерде сиз, сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка дуушар болсоңуз, жагымсыз болгону менен тезинен сууга түшпөңүз. Анткени денеде издер сакталуу болуп, расмий түрдө катталыш керек.


Андан сырткары, кылмыш жасалган учурдагы кийимдериңиз сакталуу болсун жана ирээти менен баштыкка салып коюңуз. Бул учурда сиздин кийимиңизде кылмышкердин кийиминин майда бөлүктөрү сакталып калышы мүмкүн!!! Кийимдер менен ич кийимдерди жуубаңыз!!!


Эгерде, кыршылык көрсөтүү учурунда кылмышкер бир нерсени кулатып алган болсо, аны сактоо менен тергөөчүгө тапшырыңыз. Зордуктоо фактысы үйдө, батирде, кеңседе же жер телөөдө катталган болсо, “102” кызматы аркылуу милиция кызматкерлерин чакырып, окуя болгон жайдагы абал бузулбай туруш керектигин эске салабыз.


ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлерине кайрылуу учурунда алар милдеттүү түрдө сиздин арызыңызды кабыл алып, нөөмөт тергөөчү соттук-медициналык эскпертизадан өтүү тууралуу токтомду берет. Андан соң, экспертизадан өткөндөн кийин жуунуга болот. Анткени, экспертизадан баардык далилдерди алышкан.