Сегиз жылдык тыныгуудан соң гана жандандырылган «Ташкент-Бишкек-Балыкчы» темир жол каттамы аркылуу алгачкы 150 эс алуучу Ысык-Көлгө сапар алышты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашууларгы ылайык жана 2018-жылдын 22-23-май күндөрү Ташкент шаарында өткөрүлгөн "КТЕ Ташкент 2018" Биринчи туристтик көчмө көргөзмөсүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштарды улантып, Кыргыз Республикасынын Өзбек Республикасындагы Элчилиги жана Өзбекстандын кесиптик бирликтер (профсоюздар) Федерациясы Өзбекстандын бардык аймактарында жайгашкан эң ири өнөр жай ишканаларынын жана уюмдарынын жамааттарынын Иссык-Көлдөгү курорттук эс алуу мекемелеринде эс алууларын уюштурушту.
Мындай алака мындан ары дагы туруктуу түрдө улантылмакчы.