Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги Швейцария жана Орусия соода палатасы уюштурган бирлегешкен жыйынга активдүү катышты. Мында Кыргызстандын Швейцариядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев Кыргызстандын соода, экономикалык жана инвестициялык дарамети, өлкөнүн туризм тармагы жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө кең-кесири баяндама жасады.
Швейцариялык бизнесмендердин назарына Кыргызстандын экономикасынын энергетика, инфратүзүм, туризм, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, транспорт жана коммуникация өңдөнгөн абдан приоритеттүү тармактарындагы конкреттүү долбоорлор тартууланды. Өз ара жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн соода палатасынын мүчөлөрү үстүбүздөгү 5-9-сентябрында көгүлтүр Ысык-Көлдө өтүүчү Көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстанга барып, өлкөнүн экономикасына инвестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу жана Кыргызстандын мамлекеттик, ошондой эле бизнес чөйрөсү менен түз мамиле куруу кызыкчылыктарын дагы ачык эле билдиришти.
Соңунда Швейцариянын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга боло турган иш-сапарында Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну уюштуруу зарылдыгы дагы баса белгиленди.