Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

 

Орусиянын башкалаасындагы Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинде Кыргыз жана Тажик республикаларынын тышкы иштер министрликтеринин консулдук кеңешмеси өз ишин аяктады. Иш-чаранын жүрүшүндө консулдук чөйрөсүндөгү өтө көйгөйлүү маселелер орой-чарай талкууланды.

 

Тажик Республикасынын Худжант шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу, Кыргыз жарандарынын Тажикстандагы укуктук ал-акыбалы, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын кендирди кескен көйгөйлөрү, эки өлкөнүн аймагында соттолгон жана кармалган жарандар тууралуу маселелер дагы сүйлөшүү маалында байма-бай көтөрүлдү. Ошондой эле эки тараптуу “Электрондук виза” системасын киргизүү тартиби жаатында дагы кеңири тажрыйба алмашылды.