ЖК депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеваны сотко берди. Ал Ленин райондук сотуна ар-намысын коргоо үчүн арыз жазганын маалымдады.
Депутаттын жардамчысынын айтымында, ал ар-намысына доо кетиргени үчүн Кадыралиевадан 7 миллион сом талап кылды.
Сагындык Келдибаев Кадыралиева ал тууралуу Россиянын жарандыгын алган деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканын белгилеген.