Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык соту депутат Канат Исаевге карата ачылган кылмыш ишин токтотту.
Бул тууралуу депутаттын бир тууган агасы Талантбек Исаев билдирди.
Айтымында, кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулду. Сот кылмыш ишиндеги КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесин 304- берене менен алмаштырган жана мөөнөтү өтүп кеткендиктен токтотуу чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал Токмок шаарынын мэри болуп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупцияга катышкан деп айыпталган.
Аны менен катар 2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жаткан учурда "бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен да айыпталган. Анын негизинде УКМКнын абагына камакка алынган.