Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

 

Биздин погончондор уурулар менен бандиттерге эмес, аялдар менен балдарга “атаман” экендиги жашыруун деле эмес. Алардын бири, Бишкектин Октябрь РИИБнин начальнигинин орун басары, полковник Арман Насипкулов деген зөөкүр өткөн дем алыш күндөрү мурда Ак үйдө иштеген, коомдук активист Жамиля Насирова деген энесиндей аялды топтой тепкилеп, асфальтка жаткыра чаап, башын, тизесин жара чапкандыгы фото, видеосу менен соцтармактарга жарыяланды.  23-июнь күнү, түшкө маал саат 12 жарымда, Лексус маркасындагы Жип автомашинасы менен катуу ылдамдыкта келген 40 жаш чамасындагы бейтааныш жигит “Я вас убью, застрелю, зарежу!” деп катуу кыйкыра баштаган. “Мен дүкөн тараптан келаттым эле эч нерсени түшүнбөй аң-таң болдум. Жолдошум дароо үйгө кирип, 102 звандайын деди.”Айланайын, мен түшүнбөй турам, кимди өлтүрүп, соёсуң, же атасың?” десем такыр көнбөй, атырылып, Байтик баатыр көчөсүндөгү 6 үйдүн биринчи подьездин домофонун тушуна келип, күч менен тарткылап, кайра баягы “угрожающий” сөзүн уланта берди... “кой ачууга алдырба, машинеңе түш да, сабырдуу бол!” десем самбонун боевой приёмына салып, мени асфальтка улактай көттөрө чапты эле,  оң капталым менен жыгылып түштүм.Оң бетимдин 3 жери, тизем, оң ийним сыйрылып, кан агып кетти.Башым айлан көчөк болуп, катуу жыгылгандан эсим оой түштү.Мени жыгып койгонуна маашырланып, эшик ачылып кетти эле, дароо батирдин эшигин тепкилей баштады.Аңгыча тура калдым да, квартиранын сырткы эшигине келсем, “Паразит, я тебя из под земли достану, открой дверь, убью!” деп дагы коркута баштады”,- деп жазылат Жамила эженин Президент, ИИМ министрине кайрылуусунда. Бул эмне, өткөн жумада мамлекет башчы министрди кабыл алып, милиция кызматкерлеринин өздөрү мыйзамды сактап, элдин укугун коргоо боюнча берген тапшырмасына пародиябы?