"Кайсы коррупционерди кармасаң эле, дароо кайсы бир депутаттын же, саясий топтун “бул биздин бала болчу, аны бошотуп коюңузчу...” - деген суранычтары пайда болот. Парламентте чечим кабыл алынат да, кайра эле артынан ал адамды бошотуу боюнча суранычтар келе баштайт. Андыктан, коррупцияга каршы күрөш депутаттардын, коомдун колдоосуна, жарандардын аң сезимдүүлүгүнө жана активдүү поизициясына муктаж", - деди президент Жээнбеков парламент жыйынында.
Ошондой эле, прзидент коррупция менен кармалган адамдын айылдаштары да киришип кетип жатканын белгиледи. Айтымында, кармалган адамдын бошотулуусун бир айыл эли суранган учурлар болот.
"Баарына бирдей мамиле болбосо, кантип күрөш жүрсүн? Биздин бала болсо эле, биздин балдардын баары мыкты деген түшүнүк эмес да. Мамлекетке зыян келтиргендердин баары мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Ошондо башка аткаминерлерге да сабак болот. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат деп айта алабыз", - деди мамлекет башчы.