Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

 

Жарандык  Өндүрүш Токтонасыров  казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп, Миграция кызматынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдына пикетке  чыгаарын жарыялады.

 

Айтымында, митингге чыгып,  миграция башкармалыгынан казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылса,  БУУну Тунгышбаевдин окуясына маани берүүгө чакырат.

 

Эске салсак, казакстандык блогер 10-майда Бишкекте кармалган. Ага казак бийлиги тарабынан издөө жарыяланган болчу. Ал өз мекенинде тыюу салынган демократиялык кыймылдын мүчөсү болгон деп айыпталган. Апасы кыргыз бийлигинен уулун  Казакстанга өткөрүп бербөөнү суранууда. Апасынын айтымында, эгер Муратбек Казакстанга өткөрүлсө, түрмөдөн тирүү чыгаары күмөн.