Эски бийликтин тушунда лидери Ө.Текебаев камалып, өздөрү “нокаут” болгон “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаттары кайрадан “тирилип”, реванш алышууда. Өткөндө Тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүп, микрофон, диктофон, камераларын найзадай сунган ондогон журналисттердин коштоосунда 1,5 млрд. сом казынан акчасы кантип сол чөнтөккө солонуп кеткендигин коомчулукка жарыялашкан эле. Сыягы, бир таяктын 600 долларга жасалышы, ЖЭБдеги аттиштин баасынан да ашып түштү окшойт. Өткөн жумада депутат К.Иманалиев өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү Сомалиге төрт тик учакты ижарага берүү чечимин кабыл алгандыгын айтып, дагы бир ирет элдин эсин оодарды. Ал тургай тиешелүү документке экс-президент А. Атамбаев өзү кол койгон жашыруун документ ачыкка чыгып кетти. Бирок КСДП партиясы ата-мекенчинин бул билдирүүсүн жокко чыгарып,   кезектеги “жалган” маалымат катары мүнөздөп актанды. Бийлик партиясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат:  “Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, бул демилге ишке ашкан эмес. Тик учактар Кыргызстанда калган. Бул негизинен экс-президенттин аброюна көлөкө түшүрүү максатында жасалып жатканы түшүнүктүү эле болуп турат. Алгач ошол кездеги Башкы штабдын жетекчиси генерал Алымкожоев эмнеге негиздеп бул демилгени көтөргөнүн билиш керек болчу. Анткени мамлекет башчы өзүнүн чечимдеринде тиешелүү органдардын сунушуна жана негиздемелерине таянган”. Балким, чын эле тик учактардын чуусунун чоо-жайы толук айтылбай жаткандыр. Бирок өчү бар, оппозиция тарап, болгондо да эски бийликтен запкы жеген саясатчылар өзүнө ыңгайлуу жагын гана айтышат эмеспи. Алар өздөрү деле бийликте турганда оюндун эрежесин сакташпайт эмес беле...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (360), 20-июнь, 2018-ж.