Москвада таксист болуп иштеп жүрүп, жети адамды коюп кеткен кыргызстандык таксисттин баш коргоо чарасын сот карады. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынды. 

 

Мындай маалыматты анын адвокаты Мирбек Токтошев билдирүүдө. 

 

Адвокаттын айтымында, Чыңгыздын Москвада туруктуу каттоосу жок, убактылуу жашап жатканынан жана ал жараткан кырсык коомдук талкууга түшкөнүнөн улам сот ушундай чечим кабыл алган. 

 

Бирок, адвокаттын айтымында, райондук соттун чечимин чыгаруу өтүнүчүн келтирип, шаардын сотко кайрылышат. 

 

Кыргызстандын жараны Анарбек уулу Чыңгыз Москва шаарында 16-июнда кырсыкка кептелген. Таксист болуп иштеген кыргызстандык автоунаасы менен 8 адамды коюп кеткен. Алардын арасында футбол чемпионатын көрүүгө келген чет өлкөлүктөр да болгон. Жабыркагандардын жетөөсү биринчи медициналык жардамды алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылган, ал эми бир аялдын акыбалын дарыгерлер орточо оор деп сыпатташкан. 

 

 

Суракта Чыңгыз 20 саат уктабай рулда болгондуктан карайлап, тормоздун ордуна газды басып алганын билдирген.