Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы медициналык жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.
Маалыматка караганда, Калиев абакка чейин толук кандуу дарыланууга жетише албагандыктан, учурда ден соолугу начарлап, арыктап кетти. Эске салсак, энергохолдингдин мурдагы башчысы камакка алынган кезде дарыгерлердин кароосунда экендиги айтылган.
"Азыр анын ден соолугу ансайын начарлады. Бөйрөгү ооруп, ашказаны да кыйнап жатат. Абакка чейин деле арык болчу, азыр андан да арыктады", - деген адвокат аны медсанчастка которуу боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатышканын кошумчалады.
Айбек Калиев коррупцияга шектелип кармалган.