КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Казакстандын  Жамбыл облусунда рельстен чыгып кеткен поезддин айынан жабыркагандардын арасында алдын ала алынган  маалымат боюнча,  Кыргызстандын  жарандары жок. Учурда Астанадагы Кыргызстандын элчилиги  тиешелүү  органдар менен байланышта болуп, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Эске салсак, 17-июнда «Астана — Алматы» каттамы боюнча бараткан жүргүнчү ташыган поезддин бир нече вагону рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан бир өспүрүм каза болуп, дагы үч киши жаракат алды.