Россия Федерациясынын Челябинск шаарында,  15-июнда, Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында кыргыз продукциясынын көргөзмөсү өттү.

 

Аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский, Россия Федерациясынын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министри Константин Носков барды.

 

Көргөзмөдө тигилген буюмдар жана атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы сунушталган. Бул Россия Федерациясынын аймагына кыргыз экспортун алга жылдыруу боюнча иш-чаранын уландысы болуп саналат.

 

Мындан тышкары, конференция алкагында Бишкек жана Челябинск шаарлары ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ошондой эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын делегациясы Челябинск түтүк заводунун иши менен таанышты.

 
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.