Төлгөсү төп келген, айтканы көп кишини ойго салган Света Тойгонбаева менен көпчүлүктүн суранычын орундатып, эл кызыкан суроолорго жооп алдык.

 

 

“Түлеев кара дубасын чечтирсе, оомат келип, зоболосу көтөрүлөт”

 

- Учурда Нариман Түлеевди ар нерсе ойго салып турат. Эмнегедир катуу талаштарга аралашып жүрөт. Алдында түрдүү чоң тоскоолдуктар турат. Нариманды жок кылууну каалагандар кара дубаны ченебей жасатышкан. Азыр Түлеев кара дубанын туткунунан чыга албай кыйналып жүрөт. Эгер Нариман Түлеев кара дубаны чечтирип, өзүн тазалатса, ал тоскоолдуктарды жеңип чыгат. Башкача айтканда, аны жок кылып коём дегендер кантип жеңилгенин билбей калат. Анан өзү каалагандан да чоң, көп элдин көңүлүн бурдурган чоң имарат курат. Оомат келип, мурункудан да зоболосу көтөрүлөт. Ошондой  болсо да, азыр Нариман Түлеев үчүн акча эмес, ден соолук маанилүү деген аян түшүп жатат. Анткени, анын ден соолугунда ойлонто турган жагдайлар бар. Ал акчанын артынан түшпөй, ден соолугуна кам көрбөсө, үч жылдык гана өмүрү калды деген аян түшүп жатат.

 

“Сапар камактан чыгып кетет”

 

- “Сапар Исаков камалды!”- деп көптөр ал камактан эзели чыкпачудай кыбыңдап жатышат. Көрөсүңөр го, Сапар ал жактан бошонуп чыгат. Бирок, ал мурун айткандай, тазаланышы керек. Тазаланса, коюлган дооматтары далилденбей эркиндикке чыгышына шарт түзүлөт. Ден-соолугун карабаса жаштайынан оорукчан болуп калат. Сапар Исаковго камалыш оңойго турган жок. Ал жоопкерчиликке тартылбайт. Жолун таап, камактан чыгып кетет.

 

“Темир Сариев жолдорун ачтырып, элге жакшылык кылышы керек”

 

- Темир Сариев нар жагында таасирдүү кызматтардын бирин аркаласам деген каалоосу болгону менен азырынча кызматка келбейт. Бирок, кызматты каалаганы менен президенттин кадамдарынан улам “мага да кылмыш иши козголуп кетпейби?”- деп эмнегедир кооптонуп турат. Сариев жөн жүрбөй, аркы-беркиге аралаша турган болсо, ага мурунку иштери боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошон үчүн азыр Сооронбай Жээнбековдун командасына кошулам деген ойду унута турушу керек. Тазаланып, жолдорун ачтырып, элге жакшылык кылышы керек.

 

Райым-миллионго” да кылмыш иши козголушу ыктымал

 

- Элге байлыгы түмөн, тапканы көп адамдай таасир калтырган “Райым-миллион” чыны менен жакшы адам экен. Ал көп адамдарга жакшылык кылып, көптөрдүн сообуна калыптыр. Бирок, ага кара санагандар да жетиштүү экен. Ал сак болбосо, ага да кылмыш иши козголуп калышы ыктымалдыгын билдирген аян келди. Ошондуктан, “ак жерден каралап жатышат”- деп ага буга доомат койгондон мурун өзүнө сак болушу керек. Анткени, “Райым-миллионду” да аксатчу далилдер бар. Элдердин айтканына кулак салып,  президент ал тууралуу бирде жакшы ойлосо, бирде анын катачылыгын кулагы чалып калып жатат.

 

“Жанар Акаевге тузак салынат”

 

- Сүйлөсө сөзү оозунда болгон жаш депутат Жанар Акаевди көптөр жогорку кызматтан көргүсү келип жатат. Ал сак болбосо, ага да тузак уюшулат. Тузактан кутулуп кетүүнүн жолун тапса, зоболосу жогорулайт. Чоң кызматтарды аркалап, президенттин ишенимдүү адамына айланат. Жолун таппаса, “ляппай” деген депутаттын бири болот.  

 

“Зарылбек Рысалиев аурасын тазалатышы керек”

 

- Зарылбек Рысалиев кыялында депутаттыктан да жогорку кызматтарды каалайт. Бирок, ал тазаланбаса, жолун ачтырбаса зоболосу бийиктебейт. Зоболосун бийиктешиш үчүн аурасын тазалатышы керек. Аурасы тазаланса, ага коюлган дооматтар унутулуп, ишинен жыйынтык чыгарат. Болбосо көптүн бири болуп жүрө берет. 

 

“Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Канат Исаев боштондукка чыгат”

 

- Кудай буюрса, жакында көпчүлүктүн тилеги орундалат. Башкача айтканда, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Канат Исаев Кудай колдоп, президенттин амири менен эркиндикке чыгышат. Бирок, алардын ордуна КСДПнын айрым депутаттары камалат. Башкача айтканда эми камалчулардын катарын  КСДПнын депутаттары толуктайт. Керек болсо, КСДП ич ара ыркырашып отуруп, партия катары жок болуп кетет деген аян келип жатат.

 

“Атамбаев үч документ менен Сооронбайды ойго салып, айласын кетирип коёт”

 

- Алмазбек Атамбаевдин тагдыры кандай болоору, кандай күнгө туш болору көпчүлүктүн көңүл борборундагы маселеге айлана баштады. Анын камалышын каалагандар көп болсо да, азырынча ал камалбайт. Ал өзүн сактап кала турган документти колуна алып, президенттин Алласын оозунан түшүрөм деп турат. Атамбаевге чабуул катуу башталганда ал ошол үч документти көтөрө чаап, Сооронбайды ойго салып коёт. Сооронбай Жээнбеков аны каматмак түгүл, өз айласын таппай  калат.

 

“Рустам Мамановго камактан чыгуу оңойго турбайт”

 

- Бул жигитке тузак мурун эле салынган экен. Бир жылдан бери анын артынан аңдып  жүрүшүптүр. Ыңгайлуу мезгилин таап, эми камашыптыр. Аны капыстан же кокустан эмес, атайылап эле камашкан. Ошон үчүн камактан чыгуу оңойго турбайт.

 

“Кубанычбек Кулматовго эч ким араачы түшө албайт”

 

- Көптөр “Кубанычбек Кулматов камактан чыгып кетет. Анда байлык жетиштүү. Кимдир бирөөлөр менен бөлүшсө эле эркиндикке чыгат”,- деген ойдо болуп жатышат. Бирок, ал азырынча эркиндикке чыкпайт. Камалып кетет, жасаган иштеринин баарына жооп берет, эч ким араачы түшө албайт.

 

“Албек Ибраимовдун үйү тинтүүгө алынып, камалат”

 

- Албек Ибраимов азырынча кызматында эле иштеп жатат. Бирок, анын кызматын көксөгөндөр көп. Ал кызматтан кетсе, ордуна андан жаш киши келет. Бирок, Албек Ибраимов кызматтан түшөр менен камакка алынат. Үйлөрү тинтилет. Башкача айтканда, үч кылмыш иши катарынан козголот. Азыр деле санаасы санга, оюу онго бөлүнүп жатыптыр. Камалса, андан да жаман күнгө туш болот.

 

“Парламентте интрига күчөйт”

 

- Баса, “Республика - Ата Журт” партиясынын депутаттары бирин-бири чукушуп, компромат топтошот. Парламентте саясый интрига күчөйт. Парламенттин тытышканы президентке ыңгайсыздык жараткан жагдай жаралат.

 

“Асылбек Жээнбеков чоң кызматтардын бирин аркалайт”

 

- Асылбек Жээнбеков азыр депутаттык иш менен эле алек болгондой таасир калтырып жатат. Бирок, убакыттын өтүшү менен чоң кызматтардын бирин аркалайт. 

 

 

Аэлита Сатындиева

P.S. Жолумду ачтырам, төлгө салдырам дегендер  0776 21 00 00, 0709 21 78 58 номерине байланышса болот.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити