Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

 

 

Түштүк Кореянын Ульсан шаарында Кыргыз студенттери 1-курултайын өткөрүштү. Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан барып билим алып жатышкан студенттер-делегаттар катышты.

 

- Бул курултайды өткөрүү демилгесин Түштүк Кореянын Ульсан шаарындагы UNIST университетинде окуп жатышкан кыргызстандык студенттер көтөрүштү. Баса, аталган иш-чаранын алкагында мекендештерибиз маданий жана массалык иш-чараларды дагы өткөрүштү,- деди Түштүк Кореянын Ханян университетинде билим алып жаткан Нурсултан Алтыбаев.

 

Айтмакчы, курултайга Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылыч Султан, “КырХан” борборунун жетекчиси Асылгүл Төлөнбаева, “Elim Global” бейөкөмт уюмунун жетекчиси Эмил Калилов катышып, жаштарга жылуу-жумшак сөздөрүн, аруу тилектерин ыроолошту.

 

Баса, Кыргыз студенттери 1-курултайына жалпы жонунан 150 чакты жаштар катышып, алар күнүмдүк маселелерин кең-кесири талкуулоо менен бирге Kyrgyz Global уюмун дагы негиздешти. Анын гегизги максаты - Түштүк Кореядагы кыргызстандык студенттерге үзгүлтүксүз жана ар тараптуу көмөк көрсөтүү.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,  Булак: “Майдан. kg” гезити