Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандагы он беш калктуу конушка айыл макамын берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады. Эгерде бул демилге жактырылса, Баткен жана Ош облустарында дагы жаңы айылдар пайда болот.
Ошентип, айыл макамын алууга Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Ынтымак, Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүндөгү Он эки мойнок, Желе-Дөбө, Ара-Булак, Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Миң-Өрүк, Миң-Булак, Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Сырт калктуу конуштар ат салышып жатышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиги ырасташынча, мындай чечим аталган калктуу конуштардын жалпы элдик жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле бул конуштар айыл макамын алуу үчүн бардык критерийлерге дагы ылайык келет. Ошентип, айыл макамы ыйгарылса, жергиликтүү тургундардын жөнөкөй маселелерди өз алдынча чечип алуусуна дагы бекем шарт түзүлөт.
Булак: “Майдан. kg” гезити