Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

 

 

Лейлек районундагы селдин кесепетинен улам катуу бөгөлүп калган Исфана-Кулунду-Арка автоунаа жолу тазаланып, айылдар арасындагы каттам жандана баштады.

 

Баса, аталган аймактагы селдин кесепетерин жоюуга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 куткаруучусу жана 400 чакты жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тартылды. Селден улам 27 жеке турак жайды, 5 социалдык обьектини, 8 чарбалык курулушту, 22 короо жайды суу каптаган. 13,4 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды, 69 гектар айыл чарба жерлерин сел жууп таштады. Ошондой эле 242 майда мүйүздүү, 30 ири мүйүздүү  малды дагы агызып кетти. Беш  чарбалык көпүрөнү, бир  ички чарбалык көпүрөнү, 565 метр сел тосмосун, 5 таза суу түтүгүн жараксыз абалга кептеди.  6  электр мамычасы, 4 автоунаа дагы жапа чекти.

 

Мындан тышкары ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийликтер аба ырайына кайтадан мониторинг жүргүзүп жатышат.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити