Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

 

 

Парламентте Мурадыл Ганыевич Мадеминов деген депутат бар. Өзү Кадамжайдан болот. КСДПдан мандат алган. Башка эл өкүлдөрү мыйзам жазып, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын коргосо, бул депутат сөрөй ар качандан бир качан “патрону”, экс-президент А.Атамбаевдин жеке өзүнө ийилип, бүгүлүп кошомат кылып, ага акаарат келтиргендерге эле асылып жатып калат.  Бир ирет жыйындар залында Текеге (Ө.Текебаев) опурулуп, тигил катуу сүзгөндө астына жыгылып түшүп, “турсам өлөсүң”,- деп коркуткан. Бирок президент алмашкандан кийин деле КСДПнын көпчүлүк депутаттары экс-президенттин саясатына каршы чыгышып, айтканын аткарбай койгондугуна карабай, Мурадыл аке позициясын өзгөрткөн жок. Ал тургай эл менен депутаттардын баардыгы Бишкек ЖЭБинде дайынсыз жоголгон 386 млн. долларды талкуулап атканда А.Атамбаевди айга, күнгө теңеп мактап туурадан чыккандыгы ашыкча болду. Өткөндө жылан чакпай, жылкы теппей эле Кыргызстандын тарыхында криссталдай таза жетекчи катары калган  маркум Апсамат Масалиевге асылып, “... ошол жылдары эл карточка менен жашап калган”,- деп койнундагы котур ташын көргөзүп эле тим болбой, агасы, жердеши Исхак Масалиевге да “... резиденцияда жашаган”,- деп кырчаңгыланып өттү. Орус мүнөз, сөзгө чечен Исхак мырза жемин жедирип отуруп калмак беле, “ал кезде бир гана аракка карточка киргизилген. Балким, Мадеминов ошол арактан ичпей калгандыр. Дачада жашасам эмне экен, учуру келгенде кайтарып бергенбиз”,- деп катыра жооп кайтарып, мыш кылган. Көрсө, анын себеби жеке кызыкчылыгында экен. Бир тууган кесиби агроном иниси Мурзалим айтылуу “шоопур” жана азыр Кадр кызматын жетектеген Акрам Мадумаровдордун колдоосу менен Баткен облусунда экотехинспекцияны жетектеп, жакшы эле “шабашка” жасайт экен. Өзү болсо спирт бизнеси менен байыган тура...

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан.kg” гезити