Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

 

 

УКМК Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча айып такты. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган.  Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна алып алган. Андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясы берген 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн деп кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн. Өткөн дем алыш күндөрү Кулматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйүнө соттун санкциясынын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн болчу. К.Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Баарынан таң каларлыгы, эки тараптан тең олчойгон суммада акча бөлүнгөндүгүнө карабай, аталган мектеп чала курулуп, жыл айланбай түтүктөрү бузулуп, полу менен дубалы урап түшкөн. Демек, каражат өз дарегине жумшалган эмес.

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити