Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

 

Баткен облусундагы Лейлек районунда жүргөн сел дамбаны жууп кетти. Анын кесепетинен эми бала бакча менен мектепти суу каптоо коркунучу туулду. 

 

Бул тууралуу "Республика-Ата -Журт" фракциясынын жыйынында депутат Таабылды Тиллаев билдирди. 

 

Айтымында, Кулунду айыл аймагында каналда селдин айынан 56 аң пайда болгон. Андыктан 30 миң жашоочусу бар айыл суугат суусу жок калышы ыктымал. 

 

Депутаттын билдиргенине караганда, аталган айылда жайында күн абдан ысык болот, эгер ошол убакта суугат суу жетишпесе түшүмдүн баары өлөт. Сел 8,5 гектар талааны жууп кеткен. Дагы бир жолу сел жүрчү болсо, анда социалдык обьектилерди жууп кетүү корунучу бар.