Европа биримдиги уюму менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланышты бекемдөө үчүн Европа киносунун фестивалы борбор калаада старт алды.
Бул жылы аталган фестиваль Ош шаарында да биринчи жолу өткөрүлөт. Евробиримдикке мүчө мамлекеттер: Словакия, Германия, Франция, Италия, Словения, Эстония, Венгрия, Испания, Латвия, Румыния, Бельгия, Австрия жана Финляндияда тартылган он үч фильм тартууланат. Тасмалар тартылган өлкө тилинде болгондуктан орусча субтитрлер каралган.
Фестиваль Бишкекте “Ала-Тоо” кинотеатрында 16-майдан 20-майга чейин болот. Ал эми Ош шаарында "Kinobox. Семетей" кинотеатрында 24-27-майда өткөрүлөт.
Уюштуруучулар билдиргендей, кирүү акысыз болгону менен бекер билеттерди алдын ала алуу керек. Бир адам төрттөн ашпаган билет ала алат.