Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш. Жээнбековко

                                                     

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундарынан

 

АЧЫК КАТ

 

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жүздөгөн тургундары ондогон жыл кезек күтүп, бирок жер тилке алалбай, саргарып бүттүк. Анткени бир үй-бүлө жашаган алты сотых жерде үч-төрт үй-бүлө, бала-бакыраларыбыз менен жашагандар да бар. Келиндер батышпай жүдөдүк. Айрым үй-бүлөлөрдө майып, жесир аял, жалгыз бой эне, баатыр эне, жетим балдар, аз камсыз болгондор, квартиранттар жүдөп жатышат. Жер маселесин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жең ичинен, ортомчулары аркылуу сатып, айылдын четинде башка жактан келгендер эки-үч кабат үйлөрдү куруп, “буржуй городок” өсүп жатат. 2011-жылдан бери карапайым калктын 91 гектар жер тилкелерин соодалаган айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров жергиликтүү кеңештин депутаттарына ар бирине жакшы жерден жер тилке берем деп сатып алып, үчүнчү жолу шайланды. Бирок анын карапайым эл менен иши жок, элдин көйгөйү кызыктырбайт. Учурда трансформация боло элек 85 гектар жердин үстүнөн жер берем деп убадалап, жер тилкелерди “кошелёктору” аркылуу сатып жатат. Бул маселени жогорку бийликке угузуп, чагылдырып, элдин көйгөйүн чечип берүү керек. Антпесе бул айылдагы жерлер четинен мыйзамсыз сатылып, карапайым эл чыдабай калды.

 

Турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006-жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Шарабидин Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер тилке үчүн пара төлөй алышпайт, ошондуктан Ш.Капаровдун кошелёкторуно паспортторун алдын 5 миң сомдон, азыркы учурда 10 миң сомдон сатууга мажбур болуп жатышат. Ошол паспортторго жер тилкелерге документ жасалып, колунда бар адамдарга жер тилкелерди сатып жатышат.

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров жер мыйзамдарын одоно бузгандыгы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 2009-жылдын башында үстүнөн кылмыш иши козголгон болчу, бирок кылмыш иши негизсиз токтотулган. Натыйжада жазасыз калган Ш.Капаров КР Жер Кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн, “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6, 16 беренелерин талаптарын одоно бузуу менен, кезектүүлүк тартибин сактабастан жер тилкелерин сатып жатат. Ш.Капаров убагында Кызыл-Кыштакта жер бөлүп берүү мамлекеттик сыр болуп калды. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” Ммыйзамынын 16, 17-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө расмий маалыматтарды элге жарыялайт: мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алууга; жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин бир жуманын ичинде жарандарга жеткиликтүү болушу керек. “Таза коом” алкагында жер бөлүштүрүү маселелери ачык, айкын болуусу, коррупциялык схемаларга бөгөт коюулуусу керек, бирок Ш.Капаров андай кылбай жатат. Ш.Капаров айыл өкмөтү убагында байы андан да өтө бай, кембагал андан да өтө кембагал болуп жатат. Эмне үчүн Ш.Капаровдун балдары ар бири үй менен, жер менен камсыз болот? А эмне үчүн карапайым элдин балдары 3-4 үй-бүлө бир үйдө тыгылып жашашы керек? Же болбосо Конституцияда жазылган Кыргызстан - социалдык мамлекет дегени ошондой болобу?!

 

Ш.Капаров жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча коомдук угууларды өткөрбөйт, айыл элинин талкуусуна койбойт, коомчулукка маалымат бербейт жана жеке турак-жай куруу үчүн жер алган жарандардын тизмелери боюнча айыл эли маалыматка ээ эмес. Ошондой эле Ш.Капаров жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыялабайт, коомдук угуу өткөрбөйт, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмесин көрсөтпөйт. Себеби тизмедеги ал жарандар жер тилкелерин алалбайт, жерлер алардын паспортторуна алынып, колунда бар адамдарга сатылат жана катталат. КР Жер Кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн, “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6, 16-беренелерин талаптарын одоно бузуу менен, кезектүүлүк тартибин сактабастан жер тилкелерин сатып жатат. Мисалы, 2005-2012-жылкы документтер жер алуу үчүн кезекте турат, аларга жер берилбейт, себеби ал адамдарды пара берүү үчүн акчасы жок, 2015-2018-жылкы документтерге жер тилкелерди сатып жатат, себеби аларда пара берүү үчүн акчасы бар.

 

Ошентип, Ш.Капаров жер берүү боюнча Жер Кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-ж. №177-токтомун жана “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6, 16 беренелерин талаптарын одоно бузуп жатат. Бирок прокуратура, ГКНБ органдары анын мыйзамсыз аракеттерине кылмыш иши козгобой, “крышасы” болуп жатат.

 

Жазасыз калган айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров тегиз жерде жайгашкан суулу жерлерди мыйзамсыз муниципалдык менчикке өткөрүп, көз карандысыз баалоочу менен алдын-ала бүтүм боюнча келишип, Ош шаарына чектеш, жакын жайгашкан жерлерди 2010-жылдан баштап мыйзамсыз, арзан баада баалап, муниципалдык суулу жерлерди базар баасынан абдан арзан баада “кошелёкторуна” сатып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири зыян келтирип жатат. Ошол ит бекерге сатылган муниципалдык суулу жерлер Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндөгү токтому жок, чек кылып, “кошелектору” аркылуу жер тилкелерди кымбат баада сатып, айырмасын сөл чөнтөгүнө салып жатат. Суроо туулат, эмне үчүн Ш.Капаров кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай жатат, мамлекетке келтирген ири зыянды төлөбөй жатат, же ал мыйзамдан да жогорубу?

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү буга чейин 85 гектар жерди калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) боюнча документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберген. Эгерде КР Өкмөтү жерди трансформацияга уруксат берсе, 85 гектар жерди Ш.Капаров коррупциялык жолдор менен байларга сатып, айылдардын карапайым эли жер тилкелерсиз калат.

 

Ушуга байланыштуу, Капаров Шарабидин айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ээлеген убакытта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө чечим кабыл алышы керек эмес.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Жогоркулардын негизинде:

 

1). Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровду ээлеп турган кызматынан бошотуунузду, 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүнүздү жана Ш.Капаровду мыйзам чегинде 303, 304, 305-2, 308-1 корупция беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.

 

2) .Ошол арызды текшеруу үчүн Республикалык мамлекеттик комиссия түзүүңүздү жана ал комиссияга Президент Аппараты, КР Өкмөтү аппараты, Жогорку Кеңеш депутаттары, Коопсуздук Кеңешинин кызматкерлери жана биздин катышуубуз менен текшерип берүүңуздү суранабыз. Себеби Ош облусунун жана Кара-Суу районунун укук коргоо органдарына биз ишенбейбиз.

 

Сизди урматтоо менен,

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары:

Токторалиева Орозкан,

Козубаева Салтанат,

Мирзакаримова Гулнара

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (354), 09.05.2018-ж.