Кыргыз эли акыры таза жана мекенчил президент менен премьер-министрге жолуктук деп, алардын жасаган иштерине дем берип турушкан учуру.

 

Өткөндө мамлекет башчыбыз кичи мекени Кара-Кулжага барганда Бишкектен Ошко катардагы каттам менен учуп, социалдык тармактарда бир топ дуу түшкөн элек. Ушул жумада өкмөт башчыбыз да Ош, Жалал-Абад облусттарына иш сапарына эл менен кошо учуп, жылуу пикирди жаратты. Бирок, 7-майда М.Абылгазиевди коштоп жүргөн кортеждеги 2 унаа – “Тойота Лэнд Круизер 200” жана “Лексус LX570” унаалары кырсыкка учурагандыгы тууралуу каргашалуу кабар тарады. Бактыга жараша кырсыктан адам жабыркаган эмес. Окуя Өзгөн районунун аймагында болгон. Эске сала кетсек, төлгөчү Света Тойгонбаева “Майданга” айткан төлгөсүндө Мухаммедкалый Абылгазиевди: “Мухамедкалый Абылгазиев түз жүргөн, ишинен майнап чыгара билген, эч кимге карасанатайлык кылбаган адам. Бирок, аурасы оорлошуп баштаптыр. Элдин назары түшүптүр. Бул киши премьер-министр болгонго чейин эле жетиштүү душман топтоп алыптыр. Аны оодарып түшүүгө эки жерден тузак коюлуптур. Өзүнө сак болбосо, президенттин ишенимдүү адамы экени деле маселе чечпей калат. Сак болсун, жолун тазаласын”, - деп айткан. Ким билет, төлгөчүнүн айтканы дал келдиби же кокустукпу? Азырынча укук коргоо органдары маалымат берише элек. Канткен менен достон душман көп заманда башчыларыбыз сак болгону эле оң го...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.