Бул тууралуу күбөлөр маалымдашты. Учурда өрт имараттын экинчи кабатына жетти. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана өрт өчүргүчтөр топтолушуп, тилсиз жоону токтотууга аракеттер көрүлүүдө.
Акыркы учурда Бишкекте ири өрт кырсыктары көп кездеше баштады. Ош базары үч ирет жалындын ортосунда калса, кечээ Бишкек Эркин экономикалык аймагы тилсиз жоонун курмандыгына айланган.
