Жалал-Абад шаардык мэриянын маалыматына караганда, эртең, 8-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышындагы веложүрүш өткөрүлөт.
Шарадын вице-мэри Руслан Алтымышовдун айтымында, бул веложүрүшкө шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, коомдук бирикмелердин, жеке менчик субъекттердин өкүлдөрү катышышат.
-Веложүрүш идеясын шаар коомчулугу сунуш кылган, аны шаар мэриясы колдоп чыкты. Эртең шаардын четиндеги “Байэл” базарынан “Жеңиш” эс алуу багына чейин велосипедчендер колоннасы жүрүш жасап, Улуу Жеңиштин урматына чоң акция өтөт. Ал эми эс алуу багында атайын тематикалык стенддер, маалыматтык-майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Ага согуш ардагерлери да катышышат, - дейт ал.
Эскерте кетсек, ушул күнү “Жеңиш” эс алуу багында “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышындагы сүрөт тартуу сынак-көргөзмөсү уюштурулат. Каалоочулар бул акцияга катышып, Улуу Жеңишке болгон өзүнүн ички туюмдарым сүрөт аркылуу көргөзө алат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанында маркумдарга багышталып Куран окулат.