Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

 

 

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель күнү саат 09:30 чамасында Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калган.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Учурда топтолгон суу (болжол менен 380 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү 42 м3/с, чыгуусу 40 м3/с).

 

1-май күнү абалды көзөмөлдөө максатында КР ӨКМнин райондук өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 офицер, КР ӨКМнин гидрометтен 1 кызматкер жана а/а 3 адам турган ыкчам топ түзүлүп нөөмөттө турушат.