Маалыматка караганда, Баткен облусундагы ишембиликтерге 122 миң киши жана 2 миң 390 мекеме-уюм катышышты. Алар  478 миң 108 даана мөмө-жемиш жана 185 миң 405 даана ийне жалбырактуу бар-дарактарды тигишти. Жакын арада дагы 183 миң көчөт тигилмекчи.


Баткен облусундагы тоолуу аймактарга дагы көчөттөр тигилмекчи. 152 гектарга түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү олтургузулуп, аларды туруктуу кароо мекеме-ишканаларга милдеттендирилип жатат, - деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.
           

Ошентип, өткөн ишембиликтерин соңунда үч чакырымга созулган арыктар чабылып, 35 чакырымга атайын белгилер орнотулду. Мындан тышкары 906 чакырым тротуар тазаланып, жалпысынан 4 миң 67 тонна таштанды атайын жайга чыгарылды.