Вице-премьер министр Замирбек Аскаров Ош базарында чыккан өрттөн зыян тарткан ишкерлер менен жолугат. 

 

Эске салсак, Ош базарынын “Берекет” соода түйүнүндө 13-апрель таңга жуук өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоодон соодагерлердин ар биринин 2 миллион сомдун тегерегиндеги товарлары күйгөн.

 

Маалыматтар боюнча, учурда соттук-экспертизаолык иштер жүрүп жатканына байланыштуу, күйүп кеткен соода түйүндөрү оңдоп-түздөлө элек. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы 10-майга чейин чыгаары айтылууда.

 

Кошумчалай кетсек, 26-апрелде Бишкек мэриясы Ош базарындагы өрт кырсыгынан материадык чыгымга учураган 488 жаранга 10 миң сомдон акча берди.