Печать
Категория: Коом
Просмотров: 288

 

2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында МУКК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсюла салуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

 

Бул иш чарага Каракол шаарынын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

 

Быйылкы жылы бул турак-үйдөн МУКК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болот. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен МУКК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак-үйлөрдү куруу белгиленип жатат.

 

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Ош шаарында КР МУКК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.