Өкмөткө өлүгүн артпастан, ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү издеп таап, анан аларды максаттуу пайдаланган айыл өкмөттөрү Кыргызстанда, чынында, саналуу эле. Булардын бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Капа-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөевди кеңсесинен араң кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.

– Кантөрө мырза, абдан эле таңкалычтуу. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн өзүнчө Стратегиялык өнүгүү Программасы бар турбайбы. Бул эмнени туюндурат?

– Буга таңкалыштын деле кажети жок! Өзү чоң-кичине аймактардын сөзсүз түрдө өзүнчө Программасы болушу кажет. Ансыз кантип өнүгөт, ыя? Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Стратегиялык өнүгүү Программасын түзүүдө социалдык, жаратылыш, каржылык жана башка ресурстар абдан бекем зеке алынды. Бул асыл максаттарды ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууда жергиликтүү жана мамлекеттик бюджет, ошондой эле ички жана тышкы инвесторлорду байма-бай тартуу дагы көңүлүбүздүн чордонунда турду.

– Кендирди кескен жумушсуздук маселеси Сиздердин деле башыңыздарды куп эле оорутуп жатса керек?

– Кол куушуруп олтурбастан, өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз эле кесип, секин бутубузга туруп келатабыз. Ушул тапта Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында 5 тегирмен, 1 май чыгаруучу цех, 3 пахта атуучу цех,
2 вулканизация, 2 машина оңдоочу жай, жалгыз тигүү цехи үзгүлтүксүз иштеп жатат. Өнөр жайында эмгектенгендердин дээрлик 100 пайызы – ак жоолукчандар. Болочокто тигүүчүлүк жана кол өнөрчүлүк тармагын ырааттуу өнүктүрүп, элетте айрыкча кыз-келиндерди туруктуу жумуш менен камсыздоону максаттап жатабыз. Буга улай 2 май куюучу бекет, чачтарачкана, мончо, 29 соода түйүнү жана бир нече коомдук тамактануу жайыбыз бар. Буларды иштегендердин 70-80 пайызы дагы жалаң аялдар.

Ошондой эле эң ажайып Талдык жана Кичик айылдарына чет өлкөлүк туристтер ат тезегин кургатпастан каттагандыктан, алар үчүн аймакта эс алуу жайларын бара-бара көбөйтүү аркетиндебиз. Ички жолдорду өзүбүз оңдоп-түзөп, ага улай коомдук тамактануу жайларын дагы көбөйтүп, заманбап мейманканаларды катарынан салып жатабыз.

– Албетте, мындайда акча маселеси катуу түйшөлтүп жаткандыр?

– Ыйлактаган менен не пайда? Бирөө келип казаныбызга аш салып бербейт да. Ошондуктан, ички жана тышкы инвесторлорду байма-бай тартуу аракетибиз күч. Бизге АРИС, Азия өнүктүрүү Банкы, ЮНЕСКО, БУУнун өнүктүрүү Программасы өңдөнгөн эл аралык абройлуу уюмдар тынымсыз колдоо көрсөтүп жатышат. Маселен, былтыр 24 долбоорубузду колдошту эле. Ага ылайык 17 миллион 971,3 миң сомдук инвестиция тарттык. Ошентип, Баш-Булак айылына тейлөө үйүң курдук. Алыкул Осмонов атындагы орто мектепке кошумча имарат тикеледик. Торгой-Булак тилкесине тазуу суу жеткирдик. Баш-Булак жана Талдык айылдарындагы жаңы конуштарга кубаттуу трансформаторлорду орноттук. Ачы айылына көпүрө курдук. Эшме кыштагынын ички көчөлөрү бүтүндөй жарыктандырылды.

– Канторе мырза, таза суу көйгөйү сиздерде деле бардыр?

– Катта-Талдык айыл өкмөтү жалпысынан тогуз айылдан куралган. Буларды 78 пайызы таза суу менен эбак эле камсыз этилген. Жакын арада Талдык, Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Ачы жана Жаңы-Турмуш айылдарынын жашоочуларын таза суу көйгөйүнөн биротоло арылтабыз.

Булак: “Майдан