2018-жылдын 23-апрель күнү саат 23:23тө Ош шаарынын Джим көчөсүндөгү №1. 12 кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 23:35да КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 23:37де КР ӨКМнин №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 23:35те КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана саат 23:50дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) унаасы менен тартылган.
Жалпы 5 бөлүм тартылган.
Өрт кырсыгынын натыйжасында 5-кабатындагы №22,23 батирлеринни эшиктери, 18 м2 коридордун ичинде 2 диван, үй эмеректери күйгөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркап (2001-жылы туулган Урунбек уулу Р., 1999-жылы туулган Умаров А., 1988-жылы туулган Аматов М. 1996-жылы туулган Абдилатова Г. 1937-жылы туулган Раева К. 1 аял кишинин аты-жөнү такталууда), Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Мындан сырткары ИИМ кызматы тарабынан 20 кызматкер жана тез жардам кызматы тарабынан 3 бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Тутанган жалын 00:50дө толук өчүрүлгөн.
Өртүн себеби такталууда.