Эскертип кетсек, 2018-жылдын 11-апрель күнү 30 адамдан турган түзүмдөр аралык комиссиясы “Макмалалтынкен” комбинатынын аймагында жайгашкан “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулушкан.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Азыркы учурда, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылган. Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан. Андан сырткары салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренелерге (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234 жана 174-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишинин курамы боюнча шектелген Тогуз-Торо районунун 15 жашоочусу Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга камалышты.
2018-жылдын 11-апрелинде Биринчи май соту тарабынан Тогуз-Торо районунун 12 жашоочусуна 2018-жылдын 11-июнуна чейин тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлүп, үчөө аял кишиге сыртка чыкпоо баш коргоо чарасы көрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери уланууда.