Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.
КР өкмөтүнөн кабарлашкандай, бүгүн Финполдун мурдагы жетекчиси Замирбек Осмонов премьер-министрдин буйругу менен кызматынан бошотулуп, кайра эле премьер-министрдин буйругу менен бошогон орунга Сүйүмбаев дайындалган.
Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басарлыгынан президент Жээнбековдун буйругу менен бошотулган болчу. Ал бошотулганда коомчулукта "Атамбаевдин кадрлары тазаланууда" деген пикирлер жаралган.