Биринчи  май райондук соту Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун экс-жетекчиси Болсунбек Казаковдун баш коргоо чарасын карап, тергөө аракеттери жүрүп жаткан учурда, 1 ай мөөнөттө абакка камоо чечимин чыгарды. 

 

ИИМдин билдиргенине караганда, Казаковго аталган фондду жетектеп жүргөн маалда 48 коттежди аз суммада сатып жиберген деп кине коюулууда. 

 

Эске салсак, экс-президенттин уулу Максим Бакиевге таандык болгон Бишкектеги "Идеал-Хаус" шаарчасындагы 48 коттедж аукционго коюлган. Жалпы аянты 12 гектардан ашкан коттеждер абдан арзан бааланганы айтылууда.