Тогуз-Тородо жаралган кырдаал мамлекеттин инвестициялык тармагына чоң көлөкө түшүрдү. Бул тууралуу парламенттеги бир катар депутаттар айтып чыгышты.

 

Эл өкүлдөрү, “Макмал” алтын чайкоочу фабрикасын курууга кытайлык компания 11 млн доллар инвестиция салганын айтып, минтип отурсак, бизге инвесторлор келбейт дешти.

 

Ошону менен катар мамлекет элдин нааразычылыгын угуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү айтылып, кырдаалды дыкат иликтөө керектигин билдиришти.