Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин  Бишкекке 150 атобус алынып келээрин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 52 троллейбус июнь айында каттамдарга чыга баштайт.

 

Белгилей кетсек, жакында эле кичи автобустар нааразычылык акциясына чыгышып, элди ташуудан баш тартышкан.  Мындан улам, Бишкекте коомдук транспортторго болгон суроо талап жогору экени байкалган.