Печать
Категория: Коом
Просмотров: 620

 

 

 

Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну  өзбек чегарачылары тарабынан 7-апрелде киши колдуу болгон. КР Мамлекеттик чегара кызматы жаран Кыргызстандын аймагында баратканда өзбек чегарачылары аткан октон каза тапканын билдирген. Ал эми Өзбекстандын тийиштүү кызматы ал жарандын өзбек аймагына уруксатсыз кирүүгө аракеттенгени үчүн атылганын кабарлоодо.

 

КР Акыйкатчылыгынын маалыматына караганда, кыргыз жараны коңшу мамлекеттеги туугандарына барып, кайра кайтып келатканда ок жеген. Ал ок тийген кезде кыргыз аймагында болгон. Өзбек чегарачылары мүрт кеткен кыргыз жаранын өз аймактарына алып кирүүгө аракет да кылышкан.

Акыйкатчылыктын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтөө иштерине киришкени маалым болду.