Кечээ, 8-апрелден тартып оңдоо иштерине ылайык, Бишкектеги айрым көчөлөр жабылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, оңдоп-түздөөгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылды:
— Чүй кең көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки аралык 15-майга чейин;
— Шабдан Баатыр көчөсүнүн (батыш тарабы) Чүй кең көчөсүнөн тартып Анкара көчөсүнө чейинки аралыгы 10-июлга чейин;
— Чүй кең көчөсү Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин 1-июлга чейин жабык болот.