Казакстандын Актөбө аймагында кыргыз номуру тагылган кичи автобуска каракчылык максатында кол салынганы аныкталды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам - теги тажик орус жараны жаракат алган. Ал азыр ооруканада жатат.

 

Каракчылар кыргызстандыктын акчасын, алтын буюмдарын жана документтерин тоноп кетишкен.

 

Мамлекеттик номуру B8451AI "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан.

Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана "Тез жардам" чакырган.

Окуя Акшат кыштагында болгон. Иликтөө иштери уланууда.

 

Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

 

Актөбө облусу аркылуу өтө турган Шымкент - Самара багытындагы жол менен күн сайын жүз миңдеген автоунаа жана автобус Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан Орусияга каттайт.