Сузак районунда аткезчилик жол менен Өзбекстанга косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган эки жаран Кыргыз чекарачылары тарабынан кармалышты.

 

           

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын эки жараны коңшулаш Өзбекстанга косметикалык каражаттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө абдан катуу аракет жасашты. Бирок, экөө тең кыргыз-өзбек чек арасынан 100 метр алыстыкта колго түшүрүлдү. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, жалпы жүктүн баасы 350 миң сомдон ашты.  Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кыргыз жарандары УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.