Депутат Зарылбек Рысалиев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго нааразы болду.

 

Ал шаарда канча курч кырдаалдар жаралса да бир былк этпеген мэрдин чыдамдуулугуна таң калды. “Мен мэрди көп жылдан бери тааныйм” деген депутат, көп жылдан бери Албек Ибраимовдун аты-жөнүн алмаштырбай так билбейби, улам эле “Ибраим Албеков” деп кайрылып жатты.

 

Алгач айдоочулардын иш таштоосунан кепти баштаган депутат МАИ, УКМК кызматкерлерин айыптады.

 

“Айдоочулар бир күндө жалпы иш таштоо кылышты. Стихиялуу болду деп атышат, андай болсо жок дегенде он-он беш маршрутка иштеп турмак. Булар жалпы ташташты, демек, бул терең пландалган иш. МАИчилер бир маршрутканы күнүнө он-он беш жолу токтотот, эмнеге ушундай иш уюштурулуп жатканын билишпеди? Атайын кызмат дегенге жамынып алып бирок кылган ишинин жыйынтыгы жок УКМКчы? Алар каякты карап отурушту?” – деди депутат.

 

Ушундай учурларда элге чыкпай отурган мэрге кайрылуу жасады:

 

“Урматтуу Ибраим Албеков (!), бизде мэр барбы? Элдин алдына эмнеге чыкпайсыз? Элден коркосузбу? Митингчилерге чыкпадыңыз, Ош базар өрттөнсө чыкпадыңыз, 200дөй адам ууланды, чыкпадыңыз... Ордуңузда отура бербей, элге чыгып, аралашып, мэрлик сөзүңүздү айтып, кызматыңызды көрсөтүңүз”, - деди Рысалиев.

 

Эске салсак, мурда да Албек Ибраимовго элге чыкпайт деген доомат коюлганда, мэр: “мен элге тез-тез чыккыдай диктор эмесмин” деп жооп берген.