Бүгүн,  Парламенттеги ар кандай маселелер саатында  калаа башчысы Албек Ибраимовдун дарегине депутаттар тарабынан катуу сындар айтылды.

 

Маселен депутат  Зарылбек  Рысалиев  2-апрелдеги  маршрутка айдоочуларынын иш таштоосун айтып жатып, мэрди сындап өттү.

 

Рысалиев Албек Ибраимов менен жеке тааныштыгы жок экенин, бирок ал киши маршруткалар митингге чыгып, эл кыйналганда, Ош базарындагы соода түйүндөрү өрттөнгөндө дагы тургундардын алдына чыкпаганына нааразычылык билдирди.