Дүйшөнбү күнү элди ташуудан баш тартып, Бишкек шаардык мэриясына «байкот» жарыялаган кичи автобустарды лицензиясынан ажыратуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДПчы депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.
Карамушкина, мэрияга кабарлабастан митингге чыккан коомдук транспорттордун ээлерин катуу жазалоо зарыл дейт. Алар иш күнүнүн башталганына карабастан, элди ташуудан баш тартышып, дээрлик эки күн шаар тургундарын кыйнаган.
Башка мамлекеттерде мындай маселелер маданияттуу жол менен чечилээрин айткан депутат, ал күндөрү нааразычылык акциянын уюштуруучуларын аныктап, мыйзамдын чегинде жазага тартууну сунуштады.