Американын Индиана штатындагы абамайдандын учуу жана конуу тилкесинде эки учак кагышты.  Кырсыктан эки адамдын көз жумганы айтылууда.

 

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

 

Маалыматка караганда, курман болгондордун бири борттон ыргып кеткен, экинчиси учактын салону өрттөнгөн учурда көз жумган.

 

Болжолдуу маалыматтарга караганда, учактардын бири учууга камынып, экинчиси конуп баштаганда кагышкан.