Печать
Категория: Коом
Просмотров: 312

 

2018-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Бишкек АШКнын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомунун алкагында жүргүзүлө турган кыргыз-тилин билүү деңгээлин аныктоого багытталган тестке даярдык көрүү үчүн «Кыргызтесттин» алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү.

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тестти «Кыргызтесттин» көчмө тобунун кызматкерлери жүргүзүп, баардыгы болуп 100 кызматкер катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты. 2018-жылдын апрель айынан тарта бул тестти мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө тапшырып, керектелүүчү 60% көрсөткүчтөн жогорку баллды топтогон кызматкерлер тесттен өттү деп табылат.